Кыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулду
Кыргыз Республикасы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) «Топурак үчүн дарыгерлер» деп аталган глобалдык демилгесинин катышуучусу болду. Программа жердин күрдүү катмарын коргоого жана топурак ресурстарын башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө багытталган.
Топурак дүйнөлүк азык-түлүк өндүрүшүнүн 95 пайызына чейинкисин камсыздайт. Тоолуу рельефи жана ландшафтынын ар түрдүүлүгү менен мүнөздөлгөн Кыргызстан үчүн жерди сактоо маселеси өзгөчө мааниге ээ. Бүгүнкү күндө өлкөнүн агрардык сектору олуттуу чакырыктарга: топурактын эрозиясына, деградациясына жана шорлонуусуна дуушар болууда, бул болсо түшүмдүүлүктүн көлөмүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.
Окутуу жана практикалык көндүмдөр
Программанын улуттук этабынын алкагында ФАО К. К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту (КДИИИ) менен биргеликте бир катар окутуу иш-чараларын уюштурду. 23-марттан 27-мартка чейин Бишкекте агрономдор, консультанттар жана фермерлер үчүн биринчи тренинг өтүүдө.
Окутуу программасы теорияны да, практиканы да камтыйт. Катышуучулар талаада жердин абалын диагностикалоо ыкмаларын өздөштүрүп жатышат, анын ичинде:
- топурактын түзүмүн баалоо;
- кычкылдуулук деңгээлин аныктоо;
- органикалык заттардын курамын талдоо.
«Фермерден — фермерге» принциби
«Топурак үчүн дарыгерлер» глобалдык демилгеси 2020-жылы башталган. Анын негизги өзгөчөлүгү — билимди бир адистен экинчисине өткөрүп берүү форматы болуп саналат. Бул туруктуу айыл чарба тажрыйбаларын жер-жерлерде ыкчам киргизүүгө жана жердин арыктоосунун (иштен чыгуусунун) алдын алууга мүмкүндүк берет.