С 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөтУКМК эттин баасын кымбаттаткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскерттиАкжол Махмудов Исламдык солидардуулук оюндарынын грек-рим күрөш боюнча жарым финалына чыкты
Кыргызстанда 103 миң гектардан ашуу аянтта зыяндуу чегирткелер табылды
02.07.2025 | 14:46
2-июлга карата өлкө боюнча 103 миң 696 гектар жерде зыяндуу чегирткелер табылды. Жалпысынан 144 мин 673 гектар аянт изилденген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чегирткелер чыккан жерлердин 90%ында (92 миң 709 гектар аянтта) химиялык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Министрлик жаздын эрте келиши, кургакчылык, ошондой эле май айындагы аномалдуу ысык аба-ырайы зыяндуу чегирткелердин тарыхый очокторунда массалык чыгууга себеп болгонун билдирди.
“Быйылкы жылы республика боюнча акыркы 12-20 жылда кездешпеген очоктордо массалык чыгуулар катталды”,- деп айтылат маалыматта.
Облустар боюнча абал төмөндөгүдөй:
- Жалал-Абад: 33 миң гектардан ашык аймакта чегирткелер табылып, дээрлик толугу менен иштетилди.
- Ош: 22 миң гектардан ашуун аймакта зыянкечтер аныкталса, 17 миң 700 гектары иштетилди.
- Баткен: 24 миң гектар аянтта зыяндуу чегирткелер табылып, толук иштетилди. 3 миң 410 гектары авиация менен чачылды.
- Чүй: 10 миң гектардан ашык аянтта зыянкечтер аныкталып, 6 миң 919 гектары иштетилди. Суусамыр өрөөнүндө иштер уланууда.
- Талас: 6 миң 250 гектардан чегирткелер табылып, 3 миң 430 гектары иштетилди. Иштер аяктады.
- Нарын: 8 миң гектар аянтта зыянкечтер табылып, анын 7 миң 840 гектары иштетилип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар