Кыргызстанда 18-августтан 30-сентябрга чейин 1-класска кеч каттоо жүргүзүлөт

18.08.2025 | 12:15

Бүгүн, 18-августтан 30-сентябрга чейин, “Электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасында кеч каттоо жүргүзүлөт.

Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, “Каттоону жокко чыгаруу” баскычы кайра иштетилди. Эгер зарыл болсо, ата-энелер мурунку каттоону жокко чыгарып, баласын бош орун бар башка мектепке каттай алышат.

Кеч каттоо аяктаганга чейин (30-сентябрга) балдарын каттабай калган ата-энелер кийинки окуу жылына гана каттай алышат. Каттоо үчүн атайын уруксат талап кылынса, аны билим берүү органдарынын расмий чечими менен берүү мүмкүн.

  • Баланы өз убагында мектепке каттабагандыгы үчүн жоопкерчилик ата-эне же мыйзамдуу өкүлгө жүктөлөт.

Маалыматка ылайык, 15-августта негизги каттоо аяктаган, катталган балдардын маалыматы “Күндөлүк” системасына өткөрүлөт, мектептер класстарды комплектациялай баштайт.

Бардык ата-энелер баланын ден соолугу жана эмдөө тууралуу медициналык маалымкаттын түп нускасын 5-сентябрдан кечиктирбестен мектепке тапшырууга милдеттүү.

Мектеп жашына жеткен (6-7 жаштагы) балдарды 1-июнга чейин туруктуу каттоо дареги боюнча онлайн каттоо талап кылынган. Баш тарткан учурда 2-июндан 15-августка чейин башка бош орун бар мектепти тандоо зарыл.

13-августка карата 75 миңге жакын бала катталбаган, алар үчүн кошумча квоталар 13-15-августта ачылган.

“Кеч каттоо 30-сентябрга чейин уланат, ата-энелер баланы каттоодо бардык талаптарды аткарууга милдеттүү”,-деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top