«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Жалал-Абад шаарында 2 миңден ашык студент окуудан айдалды
18.08.2025 | 12:19

УКМК Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардан 2 мин 606 студент окуудан чыгарылганын маалымдады.
Маалыматка ылайык, шаардагы жогорку окуу жайларды текшерүүдө иш жүзүндө окууга катышпаган жана чет жерде жүргөн студенттер жасалма түрдө окутулуп жатканы аныкталган.
Жыйынтыгында 2 миң 606 студент окуудан чыгарылган. Алар:
- Жалал-Абад мамлекеттик университетинен (ЖАМУ) – 1142 студент, анын ичинен 167 чет өлкөлүк жарандар;
- К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинен (ЭАУ) – 895 студент;
- Заманбап эл аралык университеттен (ЗЭУ) – 497 студент;
- Борбордук Азия эл аралык медициналык университетинен (БАЭМУ) – 58 студент;
- Жалал-Абад эл аралык университетинен – 14 студент.
Мындан тышкары кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана тиешелүү көзөмөлдү жүргүзбөгөндүгү үчүн төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулган:
- К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин (ЭАУ) окуу иштери боюнча проректору – «С.О.»;
- К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин (ЭАУ) алдындагы Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институнун директору – «Э.К.»;
- Жалал-Абад мамлекеттик мниверситетинин (ЖАМУ) алдындагы Үзгүлтүксүз билим берүү институнун директору – «С.А.»;
- ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы – «З.К.».
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар