Кыргызстанда 2025-жылдагы жаратылышты коргоо ишинин жыйынтыктары чыгарылды: 4 млн сом айып пул жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды алуу

02.03.2026 | 17:51

Республикада 2025-жыл ичинде өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндө аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Отчеттук мезгилде адистер 561 рейддик иш-чара жана 42 текшерүү өткөрүп, жалпысынан 567 укук бузууну аныкташкан.

Салынган айып пулдардын суммасы 3 млн 907 миң сомду түздү, анын ичинен учурда 3 млн 594 миң сому өндүрүлдү.

Өлкөнүн ири көлдөрүндө мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду:

  • Ысык-Көлдө 99 рейд өткөрүлгөн. Мыйзам бузуучуларга 3 млн сомдон ашык суммага доо коюлуп, 2,3 млн сому өндүрүлгөн. 30 600 метр синтетикалык тор жок кылынган.
  • Соң-Көлдө 100 рейддин жүрүшүндө 98 мыйзам бузуу аныкталган. Айып пулдардын суммасы 308 миң сомду түзүп, 4 чакырымга жакын тор алынган.

Жыл ичинде өлкө боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпысынан 56 900 метр синтетикалык балык уулоочу тор алынган.

2025-жылы аңчылык кылуу жана фаунаны ташуу эрежелерин бузуу фактылары да катталган. «Манас» эл аралык аэропортунда атып алынган канаттууларды мыйзамсыз ташып кетүү аракетине бөгөт коюлду. Бул мыйзам бузуу үчүн коюлган доонун суммасы 265 500 сомду түзүп, зыян толугу менен төлөндү.

Мындан тышкары, «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 200 деңиз таш бакасы кармалган. Жаныбарлар Ош зоопаркына камкордукка өткөрүлүп берилди.

Президенттин №131 жарлыгын ишке ашыруунун алкагында рекреациялык объекттерди масштабдуу инвентаризациялоо жүргүзүлдү. Адистер 1267 эс алуу жайын текшеришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгы инфратүзүмдө олуттуу көйгөй бар экенин көрсөттү: тазалоочу курулмалар болгону 226 объектте гана иштейт. Ошол эле учурда 868 конок үйүндө саркынды сууларды тазалоо тутумдары такыр жок.

Тармактык кызматтар жаратылыш ресурстарын коргоого жана экологиялык укук бузуулардын алдын алууга багытталган иштерди улантууда.

Scroll to Top