Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдрому менен ооруканага жаткырылды

Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдрому менен ооруканага жаткырылды

Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 9-февралда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев кабарлады.

Узакбаевдин айтымында, алардын ичинен 15инин диагнозу такталды:

«Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандарды да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда».

9-февралга карата өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>