Кыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салынды

22.08.2025 | 17:47

2025-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда автотранспорт каражаттары үчүн милдеттүү камсыздандыруу ОСАГО полиси талап кылынган мыйзам күчүнө кирген. Бул мыйзамдын алкагында, ушул күнгө чейин 3410 айдоочуга аталган камсыздандыруудан өтпөгөндүгү үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Айыпка жыгылган айдоочулардын басымдуу бөлүгүн жеке унаа ээлери түзөт. Мыйзамга ылайык, ОСАГО полиси жок болуп кармалган ар бир айдоочуга 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, азырынча ири масштабдуу рейддер өткөрүлө элек. Текшерүүлөр негизинен жол кыймылынын башка эрежелерин бузган учурларда же унаа атайын айып аянтчасына токтотулганда жүргүзүлүүдө. Ушул учурда гана камсыздандыруу полиси бар же жок экени аныкталууда.

Эскерте кетсек, 1-июлдан баштап Кыргызстанда унаа башкарган бардык жарандарда ОСАГО полиси болушу милдеттүү. Бул мыйзамдын максаты — жол кырсыгына байланыштуу талаш-тартыштарды жана материалдык зыянды калыс жөнгө салуу.

Scroll to Top