Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Кыргызстанда 550дөн ашык айыл таза суу менен камсыздалат
26.08.2025 | 10:58

Кыргызстанда 550дөн ашык айыл борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылынат. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация» мамлекеттик мекемеси тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Жалпысынан 558 айыл долбоордук тизмеге киргизилген. Анын ичинен:
- 330 айыл республикалык бюджеттин эсебинен,
- 228 айыл мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында камсыздалат.
Учурдагы абал:
- 20 айылда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат,
- 73 айылда долбоордук-сметалык документтер түзүлүүдө,
- 237 айылда сатып алуулар жана даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Инвестициялык долбоорлор боюнча бөлүштүрүү:
- 43 айыл — Нарын облусунун суу жана канализация программасы,
- 94 айыл — «Айылды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору,
- 31 айыл — «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу кызматтарын жакшыртуу» долбоору,
- 60 айыл — «Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыздоо жана канализацияны жакшыртуу» долбоору.
Мындан сырткары, 100 айылда иштер бүткөрүлүп, объектилер пайдаланууга берилди.
Рубрики: Жаңылыктар