Эрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?
ЕЭК: 2025-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын бюджети профицит менен аткарылды
26.08.2025 | 10:35

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын республикалык бюджети профицит менен аткарылды. Бул Евразиялык экономикалык комиссиясы жарыялаган маалыматтарда айтылды.
Маалыматка ылайык, январь-июнь айларынын ичинде Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешеси 278,9 млрд сомду (3,2 млрд доллар) түзсө, ал эми чыгашалары 224,8 млрд сомго (2,6 млрд доллар) жеткен. Бюджеттин профицити 54 млрд сомду (600 млн доллар) түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсеге көп, анда профицит 30 млрд сомду (300 млн доллар) түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика