Кыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайы
Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран төрөлдүбү? Расмий жооп
18.10.2022 | 15:21
Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран төрөлө элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, социалдык тармактардагы 7 миллионунчу жаран төрөлдү деген маалымат туура эмес. Ошол эле учурда 7 миллионунчу жаран бүгүн-эртең төрөлөрү күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Статистика комитети 7 миллионунчу жаран 20-октябрга чейин төрөлөрү тууралуу маалымдаган. 1-октябрга карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 995 миң адамга жеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом