Жети миллионунчу кыргызстандык төрөлөөрүнө аз калды

Жети миллионунчу кыргызстандык төрөлөөрүнө аз калды

Жети миллионунчу жарандын төрөлө турган күнүн так аныктоо үчүн эсептөө иштери башталды. Бул тууралуу Улуттук статисткалык комитеттен билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап, калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштады. Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Улутстаткомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн. 995 миң адамды түзгөн.

Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына чейин болушу керек.

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстандын калкынын саны өсүп жатат. Акыркы жылдары республикада болуп жаткан демографиялык процесстер калктын санынын өсүшүнүн жогорку темпи менен мүнөздөлөт. Төрөлүүнүн жогорку деңгээли сакталууда, бул калктын санынын көбөйүшүн камсыздайт. Ал эми тышкы миграциянын балансы терс бойдон калууда, бирок акыркы жылдары анын көлөмү бир топ төмөндөдү.

  • Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>