Кыргызстанда 74 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
40 адам амбулатордук (үй шартында), 27 адам ооруканада дарыланууда, анын ичинен үчөө өтө оор, алтоо оор абалда. 18 бейтаптын (же 66,6 пайызынын) абалы орточо оор деп бааланууда.
2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 196 331 адам айыгып чыкты.