Каржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелет
Бишкектин айрым райондорунда 21-апрелде суу токтотулат. Тизме
17.04.2022 | 16:27
Бишкектин айрым райондорунда 21-апрелде суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү райондордо суу берүү токтотулат:
Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;
Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва – көчөсү – Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.
Бул “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү суу камдап алуусун эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом