УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
Кыргызстанда 814 миң баланын 360,8 миңи гана бала бакчага барат
21.03.2025 | 10:49
Кыргызстанда 814 миң баланын 360,8 миңи гана бала бакчага барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында айтылат.
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө бала бакча курагындагы – 2-7 жаштагы 814 миң бала бар. Алардын ичинен 360,8 миң жеткинчек гана бала бакчага барат. Калган 453,2 миңи бала бакчага барбайт.
Өлкөдө бала бакча жетишсиз экенин айткан министрлик анын айынан бала бакчаларга эсептелгенден да көп бала барарын белгилейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом