«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Өлкөдө 99,2 миң адам жумушсуз катары расмий каттоодо турат
03.08.2023 | 16:40
Быйылкы жылдын майына карата иш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 99,2 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Жумушсуздардын эң көп саны Жалал-Абад облусунда 20 миң 814 адам, Ош облусунда 17 миң 460 адам, Баткен облусунда 13 миң 313 адам катталган.
Жумушсуздардын эң азы Нарын облусунда катталган – 2 миң 478 адам.
Жумушсуз катары каттоодо тургандардын 44,3%ын аялдар түзөт.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда жумушсуздардын саны расмий статистикага караганда кыйла көп. Жумушсуздуктун айынан 1 миллиондон ашык жаран чет жерде иштеп жүрүшөт. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда иштешет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом