Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Россияда кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү 48 жаштагы Кыргызстандын жараны Шамил Муратовдун арызын полиция бөлүмүндө каттоону уюштурган.

«Таксисттин айтымында, 18-июнда түштөн кийин буйрутма түшүп, ал Неглинная көчөсүндөгү даректен жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп, дүкөнгө жөнөп, ал жерден  бир бөтөлкө сыра менен кайтып келген. Айдоочу кардарга унаа ичинде ичимдик ичпөө өтүнүчү менен кайрылганда, ал айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факт боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси (Сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын жараны Шамил Муратов жабырлануучу катары таанылган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталган.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Москвада кыргызстандык такси айдоочусун жүргүнчү бетке уруп, сабаганы тартылган видео тараган. Окуядан кийин кыргызстандык жаран полицияга кайрылганы, бирок алар тиешелүү чара көрбөй жатканы кабарланган.

Видео соцтармактарга тарагандан кийин резонанс жаратып, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги окуя боюнча үн каткан. Кыргызстандын жаранына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканы айтылган.

Кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча элчилик үн катты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>