Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу жана таштандыларды башкаруу боюнча жаңы чаралар бекитилди

18.02.2026 | 12:42

Министрлер Кабинети өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иштерди жигердентти. Бул чаралар атмосферанын булганышына каршы күрөштү, климаттык саясатты өнүктүрүүнү жана таштандылар менен иштөө тутумун реформалоону камтыйт.

Атмосферанын булгануу көйгөйлөрүн чечүү үчүн Абанын сапаты боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы жаңыланды. Комиссия буга чейин 10 жыйын өткөрдү, анын ичинде Ош жана Манас шаарларындагы көчмө жыйындарда ыштын (смог) деңгээлин төмөндөтүү боюнча практикалык кадамдар аныкталды.

Абанын сапатын жакшыртуу ири эл аралык инвестициялар менен колдоого алынууда:

  • KOICA долбоору: 10 млн АКШ доллары (2028-жылга чейин ишке ашырылат).
  • Дүйнөлүк банктын долбоору: 50 млн АКШ доллары.

Экологиялык реформаларды ишке ашыруунун алкагында Президент тарабынан Экологиялык коопсуздук концепциясы, ал эми Министрлер Кабинети тарабынан Көмүртектүү бейтараптуулукка жетишүү концепциясы бекитилди. Ошондой эле Улуттук адаптациялык пландын долбоору иштелип чыкты.

Кыргызстан эл аралык майданда өз позициясын чыңдоону улантууда:

  • Республика 12 эл аралык конвенциянын катышуучусу болуп саналат.
  • Жогорку Кеңеш радиациялык коопсуздук боюнча Вена конвенцияларына кошулуу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
  • Россия, Кытай, Япония, Улуу Британия жана ШКУ сыяктуу 8 өлкө жана уюм менен кызматташуу келишимдерине кол коюлду.
  • БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катчылыгына «Үчүнчү улуттук деңгээлде аныкталган салым» жана инвентаризациялык отчет жөнөтүлдү.

Таштандылар менен иштөөнү системалаштыруу үчүн өлкөдө «Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) механизминин алкагында буга чейин 74 млн сомдон ашык утилизациялык төлөмдөр чогултулду.

Муну менен катар аймактарда тазалыкты сактоо боюнча иштер жүрүп жатат. «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» республикалык конкурсунун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө (9 шаар жана 10 айыл аймагы) атайын техникалар: «Шумкар» маркасындагы таштанды ташуучу унаалар жана таштандыларды сорттоочу линиялар берилди.

Учурда республикада абанын сапатын, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону жана радиациялык коопсуздукту камсыздоону камтыган 7 эл аралык долбоор ишке ашырылууда. Жаңы экологиялык стандарттарды киргизүү жана катуу көзөмөл жүргүзүү урбанизация шартында жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Теги: воздух
Scroll to Top