Чет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМӨзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалдыКыргызстанда «Тоолор жана адамдар» аттуу фотосынак жарыяландыМаматалиев КМШга Айтматовдун 100 жылдыгын бирге белгилөөнү сунуштадыМанас шаарындагы өрт: эки адам каза болуп, бирөө реанимацияда жатат23-ноябрь: Бишкекте күн жылуу болуп, аба +23°ка чейин жылыйт
Кыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт
18.02.2026 | 12:32

Ушул жылдын 7–12-апрель күндөрү Кыргызстанда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Агенттиктин директору Казыбек Молдажиев Күрөш федерациясынын мүчөлөрү менен чемпионатка даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өткөрдү.
Анда спорттук инфратүзүмдөрдү даярдоо, командаларды жайгаштыруу, логистика, катышуучуларды жана ЖМКларды аккредитациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле коопсуздук чараларын камсыздоо, медициналык тейлөө жана расмий делегациялар үчүн маданий программаларды даярдоо планы каралды.
Жыйындын жыйынтыгында Казыбек Молдажиев континенттик мелдешти эл аралык стандарттарга ылайык жана жогорку деңгээлде өткөрүүнү тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт