Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 8 бейтап. Бул тууралуу онлайн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Коронавирустан айыгып, бейтапканадан чыгарылгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек ш. – 4,
Нарын облусу — 2,
Жалал-Абад облусу — 1,
Ош облусу — 1.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 957 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.