Кыргызстанда айдоочулукка 14 ай окутуу киргизилет. Жеке авто-мектептер жабылат
Кыргызстанда айдоочуларды окутуу системасында ири реформа даярдалып жатат. Бул тууралуу 3-ноябрда жаңы паспорттордун презентациясында Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Түмөнбаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекет айдоочуларды даярдоонун сапаты үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алат. Эми айдоочулук күбөлүк (права) расмий жана мыйзамдуу окутуудан кийин гана берилет.
Пландардын негизинде, 2026-жылдан тарта айдоочулукка үйрөнүү мектеп партасынан башталат — 11-класстан (16 жаштан). Окутуу программасы 14 айга эсептелген — бул убакыт ичинде окуучулар жылдын бардык мезгилдеринде практиканы өтүшөт.
Улуу кишилер үчүн жеке авто-мектептер жабылат, алардын ордуна мамлекеттик окуу борборлору түзүлөт. Алар окутуу, экзамен алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн жооптуу болот.
Мындан тышкары, 2026-жылдан тарта Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү, эл аралык стандарттарга шайкеш, 10 жылдык мөөнөт менен берилүүчү айдоочулук күбөлүктөр киргизилет. Эски үлгүдөгү күбөлүктөр милдетүү түрдө алмаштырылат, бирок учурда колдонулуп жаткан 10 жылдык документтер мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.
Ошондой эле унаалардын техникалык паспортторунун форматы өзгөрөт — алар эми «Түндүк» электрондук системасына интеграцияланган пластик карталар түрүндө берилет.