Иран Бахрейнге сокку урду: АКШга кандай сигнал берди — саясат таануучу КожемякинКыргызстан менен Дүйнөлүк банк 95,75 миллион долларлык макулдашууга кол койду Ипподром жана көк бөрү аренасы: Бишкектин четинде ири спорт комплекси курулуудаИран Бахрейндеги америкалык базаларга чабуул жасады: ушул саатка карата эмнелер белгилүүБанктар сом менен чет элдик валютага караганда 700% көп насыя беришти Бишкекте Гоголь көчөсүн реконструкциялоо аяктады
Кыргызстанда жалпы жарандык паспорт менен ID-карталардын жаңы үлгүлөрү тааныштырылды
03.11.2025 | 18:42

Бүгүн “Ынтымак Ордодо” Кыргыз Республикасынын жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттору жана ID-карталары коомчулукка көрсөтүлдү.
Маалыматка ылайык, жаңы документтердин коргоо элементтери күчөтүлүп, дизайны жаңыртылган. Паспорттун визага арналган барактарында Кыргызстандын тарыхый жана маданий символдору — “Ынтымак Ордо” резиденциясы, Хан-Теңир чокусу жана Манастын образы чагылдырылган.
Мындан тышкары, жалпы жарандык паспорттун тышкы көрүнүшү да өзгөртүлгөн.
Жаңы үлгүдөгү паспортторду жана ID-карталарды “Учкун” басмаканасы бүгүндөн тарта чыгарууга киришет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом