Өкмөт башчы Ысык-Көлдө курулуп жаткан эки күн электр станциясы менен тааныштыКазакстандык банк Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландаштыруудаАтайын кызматтарга жана армияга айымдардын көз карашы: Кыргызстанда тарыхый прецедент түзүлдүПрезидент «Корея — Кыргызстан» агрокластеринин параметрлерин жаңыладыБишкектин Дэн-Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине жабылатКурулуш компанияларынын рейтинги: ким канча салык жана төгүмдөрдү төлөдү?
Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болбойт
05.07.2022 | 22:16
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан журналисттер менен блогерлердин жолугушуусунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болбостугун билдирди.
“Буюрса азык-түлүк тартыштыгы болбойт. Мамлекет туруштук берет. Колунда жок катмарлар азык-түлүктү сатып алгыдай деңгээлге түшүрүп, камсыз кылышыбыз керек эле. Биз буга аракет кылып жатабыз. Мамрезерв фондуну кеңейттик. Быйыл дагы биздин фермерлерден буудай сатып алууга даярбыз. Орусия менен индикативдик план менен иштөөгө өттүк. Өсүмдүк майын 80-90 пайызын чет өлкөлөрдөн алып келебиз. Буудайды 600-700 миң тоннага чейин алып келчү элек. Азыр ушунун үстүндө иштеп, камсыз кылууга даярбыз. Кабатыр болууга негиз жок”-деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика