Кыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдады
2026-жылдын башында Кыргызстанда банктык насыялоо ыргагынын олуттуу басаңдашы катталды. Буга соода тармагындагы карыз алуу көлөмүнүн кескин кыскарышы жана керектөө секторундагы жигердүүлүктүн төмөндөшү негизги себеп болду. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынан (ЕӨБ) билдиришти.
Талдоочулардын баалоосу боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айларында жаңы насыяларды берүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,1%га гана өскөн. Салыштыруу үчүн айтсак, 2022-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта бул көрсөткүч орточо айлык эсеп менен 37% деңгээлиндеги өсүштү көрсөтүп келген.
Адистер өсүү ыргагынын төмөндөшүнө таасир эткен эки негизги факторду бөлүп көрсөтүшөт:
- Соодадагы төмөндөө: Соода секторун насыялоонун көлөмү ушуну менен алтынчы ай катарынан кыскарууда. Январь-февраль айларында бул сегментте берилген насыялар бир жыл мурункуга салыштырмалуу 34,7%га аз болгон.
- Керектөө секторунун солгундашы: Керектөөчүлүк насыялардын өсүшү 27%га чейин басаңдады, ал эми өткөн жылдын башында бул көрсөткүч рекорддук 124,3%га жеткен болчу.
Эксперттер белгилегендей, насыя рыногундагы учурдагы тенденция калк жана бизнес тарабынан ички суроо-талаптын басаңдашына (солгундашына) өбөлгө түзөт. Ошого карабастан, баалоолорго ылайык, Кыргызстандын экономикасынын мындан аркы өсүшү үчүн инвестициялык жигердүүлүк мурдагыдай эле негиз болуп кала берет.