Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Кыргызстанда бир жумада 14 миң 617 жол эреже бузуу аныкталды
23.09.2024 | 17:06
Кыргызстанда бир жумада (16-22-сентябрь) 14 миң 617 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Ошондой эле жол эреже бузуу фактыларына байланыштуу 1 миң 507 унаа айып короо жайына коюлган.
Жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 405;
- Мас абалында унаа айдоо – 199;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 38;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 915;
- Унаа каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузу – 2 миң 225;
- Автоээнбаштык – 6;
- Белгиленген ылдамдыктан ашырып айдоо – 3 миң 280;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 7 миң 549;
Рубрики: Жаңылыктар, Коом