Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Милиционерлер Бишкектин тургунун мыйзамсыз кармап, кыйноого алган
23.09.2024 | 16:20
Бишкекте Биринчи май райондук милициясынын эки кызматкери мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, К.Ж. уулу жана А.Ы.А. аттуу милиция кызматкерлери бир жаранды (Э.Б.) мыйзамсыз кармап, кыйноого алган деп шектелүүдө.
Экспертизанын жыйынтыгы да Э.Б.нын денесинде жаракаттар бар экенин көрсөткөн.
Учурда бул ишке катышы бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүүдө.