Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 16 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 1-январдан тартып, 7-январга чейин, алдын ала маалымат боюнча 16195 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-196 ;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -208;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-32;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-754 ;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2080;
-Авто ээнбаштык — 7;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3442;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 4;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9472;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1091 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз