Кыргызстанда бир жумада 22,7 миң жол эреже бузуу аныкталды

03.09.2024 | 11:21

Кыргызстанда 26-августтан 1-сентябрга чейин 22 миң 769 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ошондой эле жол эреже бузуу фактылары боюнча 1 миң 634 унаа айып короосуна токтотулган.

Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:

– Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 645;

– Мас абалында унаа айдагандар – 259;

– Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 72;

– Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 522;

– Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 672;

– Автоээнбаштык – 13;

– Ылдамдыкты ашырып айдоо – 4 миң 881;

– Жалган мамлекттик номер тагып алгандар – 3;

– Башка жол эреже бузуу фактылары – 12 миң 711;

Scroll to Top