Кыргызстанда бир жумада 5 миңден ашуун курч респиратордук вирустук инфекция катталды

29-сентябрдан 5-октябрга чейинки аралыкта Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) 5 341 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Маалыматка караганда, көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 6,7%га азайган.
Бардык катталган учурлардын 60%ы — 14 жашка чейинки балдар (3 200 учур). Адистер күздүн келиши, абанын салкындашы жана окуу жылынын башталышы адамдардын жыш алышына алып келип, оорулардын өсүшүнө шарт түзөрүн белгилешти.
Департамент ошондой эле эпидемиологиялык сезон али баштала электигин баса айтты: көп жылдык байкоолор боюнча эпидемиялык мезгил адатта ноябрдын аягында — декабрдын башында башталат. Учурда республикада лабораториялык текшерүүлөр аркылуу аденовирус, респиратордук синцитиалдык вирус, метапневмовирус, парагрипп вирустары жана риновирустар катталып жатат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолу боюнча ушул эпидемиялык мезгилде негизги таралуучу сасык тумоо штаммдары мыналар болушу ыктымал: A/Victoria/4897/2022 (H1N1) сымал, A/Croatia/10136RV/2023 (H3N2) сымал жана B/Austria/1359417/2021 (B/Victoria lineage) сымал вирус.
Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоо менен күрөшүү максатында “Гриппол+” вакцинасынын 63 700 дозасын сатып алууга тендер өткөргөн. Вакцина өлкөгө жеткирилгенде бекер берилет жана артыкчылык төмөнкү топторго берилет: саламаттыкты сактоо кызматкерлери, өнөкөт ооруга чалдыккандар, тез-тез ооруп туруучу балдар, 65 жаштан жогоркулар жана кош бойлуу аялдар.