Кыргызстанда акыркы суткада үч жаран коронавирустан каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, каза болгондордун экөө Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда катталган.
11-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус 306 адамдан табылып, бул илдетке кабылгандардын жалпы саны 48 миң 924 адамга жетти. Алардын ичинен 44 миң 227 адам айыгып чыкса, 1 миң 82 адам илдеттен улам каза болгон.