Энергетика министрлиги менен кытайлык China Southern Power Grid International ишканасы кызматташатКыргызстанда президенттик шайлоону январда өткөрүү сунушталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлдуАт-Башыда тоодо калып калган нидерланддык турист куткарылдыБишкекте Кореянын «Театр алдыга умтулат» театралдык программасы тартууланатКыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюштуКыздын сөйкөсүн алдоо жолу менен чечип алган аял буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш жасаган болушу мүмкүн
Жалал-абадда 12-16-майда онколог-дарыгерлер бейтаптарды акысыз кабыл алышат (дарек, график)
08.05.2025 | 16:30
12-16-май күндөрү Жалал-Абадда Улуттук онкология жана Эне менен баланы коргоо борборлорунун дарыгер-онкологдору акысыз текшерүү жүргүзүшөт. Бул тууралуу “Верю в чудо” коомдук фонду кабарлады.
Кабыл алуу төмөнкү жогорку квалификациялуу адистер тарабынан жүргүзүлөт:
- Онколог-маммолог;
- Гинеколог-онколог;
- Балдар онкологу;
- Жалпы онколог;
- УЗИ адиси.
Кабыл алуу графиги:
- 12–13-май — Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облустук ооруканасы;
- 14-май — Сузак аймактык ооруканасы;
- 15-май — Базар-Коргон аймактык ооруканасы;
- 16-май — Майлуу-Суу шаардык ооруканасы.
Бардык суроолор боюнча байланыш номери: 0700 90 30 00
Рубрики: Жаңылыктар, Коом