Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Сокулукта милиционерлер индиялык жана пакистандык жумушчулар менен иш алып барууда
08.05.2025 | 16:02
Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери Индия жана Пакистандан келген чет элдик жумушчулардын коопсуздугун камсыздоо жана этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Сокулук районунда Индия жана Пакистан жарандары эмгектенген төрт ишкана бар. Бул ишканаларда эмгектенген жумушчулар жана иш берүүчүлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүүдө.
Мындан тышкары милиция кызматкерлери интернет-ресурстарды мониторинг кылып, эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы жаңжалдар тууралуу маалыматтарды аныктап, алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом