Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын вакцинасынан баш тарткан дарыгерлер болууда

Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын вакцинасынан баш тарткан дарыгерлер болууда

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, эпидемиолог-иммунолог Бурул Асыкбекова Кытайдан чыккан вакцинадан баш тартуунун себептери, ошондой эле, андай дарыгерлердин саны канча экендиги эмдөө башталгандан кийин белгилүү болот, деп билдиргенин «Азаттык» жазды.

“Улуттук пландын негизинде вакцинаны кимдер аларын такташыбыз керек. Ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин арасында вакцинадан баш тарткандар көп болду. Азыр Интернет булактарына көп маалыматтар чыгып жатат. Аны бардыгы эле окуп жатышат. Көпчүлүк Орусиянын вакцинасын алабыз деп жатышат”, — деди Асыкбекова.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү келаткан дүйшөмбүдө — 29-мартта баштаганы жатат. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Бурул Асыкбекова аталган вакцина менен кыргызстандыктарды эмдеш үчүн эксперттердин илимий-техникалык тобунун бүтүмү чыгышы зарыл экенин айтты. Андай чечим бүгүн — 26-мартта кабыл алынышы мүмкүн.

Алгачкылардан болуп вакцинаны министр Алымкадыр Бейшеналиев алат. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

Кыргызстанда коронавирус 87 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза тапты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>