Коронавируска каршы вакцина кимдерге берилбейт?

Коронавируска каршы вакцина кимдерге берилбейт?

Канында үчтөн ашык антитело бар адамдарга вакцина берилбейт. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Адистердин айтымында, канында үчтөн ашык антитело барлар, 18 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана эмизген аялдар, ошондой эле аллергиясы бар жарандар вакцина албайт.

Ал эми эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Анда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алгачкылардан болуп коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, эмдөөдөн биринчи кезекте медицина кызматкерлери жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери, ооруну жуктуруу тобокелчилиги жогоруу болгон кызматтарда иштегендер жана өнөкөт оорулары барлар менен коомдун аярлуу катмарындагылар алат.

Мындан сырткары, өз ыктыяры менен келген калоочуларга вакцина сайылары айтылып келет.

Кытай Кыргызстанга акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза “SinoPfarm” вакцинасын берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>