Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Кыргызстанда дарбыздын экспорту 360%га өстү
25.12.2024 | 13:02
Кыргызстанда дарбыздын экспорту 360%га өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, өлкөдө дарбыз негизинен Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп өстүрүлөт. Быйыл Кыргызстанда 252 миң 720 тонна дарбыз жыйналган.
Ал негизинен Россия, Казакстанга жана башка КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот. Быйыл Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө 1 376,6 тонна дарбыз жөнөтүлгөн. 2023-жылы экспорт 295 тоннаны түзгөн. Былтыркага салыштырмалуу экспорт 360%га өскөн.
Министрлик акыркы жылдары Кыргызстанда өстүрүлгөн дарбызга суроо-талап көбөйүп жатканын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом