Министрлер кабинети энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) чөйрөсүн жөнгө салган ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөртүүлөр мамлекеттик жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактары долбоорлору үчүн пайдалануунун эффективдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган.
Документте долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөттөрү так көрсөтүлүп, милдеттүү документтердин тизмеси кеңейтилди. Алардын ичинде: техникалык-экономикалык негиздеме, долбоордук-сметалык документтер жана курулуш иштеринин жүрүшүн тастыктаган документтер бар.
Бул чаралар инвесторлордун өз милдеттенмелерин так аткарышын, ошондой эле жашыл энергетика тармагындагы объекттерди тезирээк ишке ашырылышын камсыздайт.