Кыргызстанда эки күндө 175 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда эки күндө 175 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда эки күндө 175 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатында республиканын аймагында “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, 21-22-февраль күндөрү жол эрежелерин одоно бузган 7327 айдоочулар аныкталды.

Алардын ичинен;

— мас абалында унаа башкарган 175 айдоочу;

— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 253 айдоочу;

— ылдамдыкты ашырып айдаган 1229 айдоочу;

— терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан (тонировка) 54 айдоочу.

Жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн 1073 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Бул рейддик иш-чара бүгүн да түнү күчөтүлгөн тартипте улантылып, жолдо жүргөн баардык авто унаалар токтотулуп текшерилет.

Айрыкча спирт ичимдигин ичип алып унаа башкаргандарга, элдин тынч уйкусун бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, жол кырсыгына себепкер болуп, автоээнбаштык жасаган айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчилиги катуу тартуу каралат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>