Кыргызстанда электр жарыгы өчүрүлөбү? Расмий жооп

Кыргызстанда электр жарыгы өчүрүлөбү? Расмий жооп

Кыргызстандын калкы электр энергиясын колдонуу боюнча рекорд коюп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Улуттук энергетика холдингинин төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев билдирди.

Ал кыргызстандыктардан электр энергиясын үнөмдөөнү суранды.

«Өчүрүүлөр болбойт. Эгерде чоң керектөө болсо, анда автомат өзү иштеп, электр энергиясын өчүрө алат. Кыргызстандын калкы электр энергиясын колдонуу боюнча рекорд жаңыртууда. 24 сааттын ичинде өлкө калкы 68 миллион 800 миң киловатт-саат сарптады», — деди Бердиев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>