Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бишкекте Катардан жана Кувейттен келген дарыгерлер балдарга бекер операция жасайт
13.05.2024 | 20:00
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катардан жана Кувейттен дарыгерлердин тобу келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Катардык адистер балдардын угуу органдарына операция жасап, кохлеардык имплант системасын орнотот. Андан тышкары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медициналык кызматкерлерин окутат. 11-майга карата 8 балага операция жасалды.
Кувейттен келген дарыгерлер 13-майдан 16-майга чейин 4 күн аралыгында көрүү органдарынын, бет-жаак түзүлүшүнүн, табарсык-жыныс системасынын патологиясы бар балдарга операция жасашат. Медициналык бригада өздөрүнүн жабдуулары жана медициналык буюмдарын ала келген. Операциялар бекер болот.
Белгилей кетсек, операция бекер жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом