Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бишкек: Муниципалдык кызматкерлер жумасына эки күн коомдук транспорт менен жүрүүгө милдеттендирилди
13.05.2024 | 18:10
Бишкекте мэрияда жана муниципалдык кызматтарда иштегендер шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспорт менен жүрүүгө милдеттендирилди.
Мэриянын маалыматы боюнча, аталган күндөрү муниципалдык кызматкерлер өзүнүн жана кызматтык унаасын (зарыл учурларда гана колдонууга болот) колдонбошу керек. Мындай чечим Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында кабыл алынган.
Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары жолдогу тыгынды азайтуу үчүн тандалып алынган.
Мэрия муниципалдык кызматкерлердин коомдук унаа менен жүрүүсү башка жарандар жана мекеме-ишканалар үчүн үлгү болот деп ишенет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом