Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Кыргызстанда эркектер канча жашында үй-бүлө курушат? Жооп
24.02.2023 | 11:42
Кыргызстанда эркектер 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2021-жылы 51 миңге жакын эркек никеге турган.
“Мында 45,7 миң эркек биринчи жолу үй-бүлө курган. Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон”, – деп айтылат маалыматта.
Статистикалык комитеттен белгилешкендей, 2021-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,3 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 39,3 жашты түзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом