Сузак райондук архитектурасынын адиси кармалды

Сузак райондук архитектурасынын адиси кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектурасынын кызматкери алдамчылык иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак райондук архитектурасынын А.Н.О. аттуу адиси 21-февралда кармалган.

«Такталгандай, кармалган А.Н.О. аттуу жаран К.О.С. аттуу жаранды ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген», — деп билдирет УКМК.

Аталган жерлер Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери болуп, айыл чарба өндүрүшүнө арналган.

«Кармалган А.Н.О.го таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган эки жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо иштери жүрүүдө.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда жер участоктору менен алдамчылык фактылары боюнча мыйзам бузуулар болгон болсо, жарандарды жана шаар тургундарын 03722 56049, 03722 54961 номерлерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>