Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кыргызстанда гриппке каршы вакцинация башталды: биринчи кезекте кимдер эмделет
17.10.2025 | 13:44

Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүүчү сезондук гриппке каршы вакцинация кампаниясы башталды. Бул тууралуу Өлкөлүк мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борбору маалымдады.
Иммундоштурууну жүргүзүү үчүн өлкөгө «Гриппол+» вакцинасынан 63 734 доза жеткирилген жана ал бардык аймактарга бөлүнгөн.
Вакцина биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги топторго — балдарга, кош бойлу аялдарга, медициналык кызматкерлерге, созулма ооруга чалдыгкан адамдарга жана 65 жаштан ашкандарга берилет.
Саламаттык сактоо министрлиги вакцинациянын ооруларды оор өткөрүүнү жана кесепеттерди азайтууга жардам берерин, өзгөчө сезондук суук тийүү жана температуранын өзгөрүшү учурунда пайдалуу экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом