Кыргызстанда ири мүйүздүү мал, жылкы, кой жана эчкини экспорттоого тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандын аймагынан айыл чарба жаныбарларын – ири мүйүздүү малды, жылкыны, кой жана эчки экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев кол койгонун Минмаалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин товардык номенклатурасына ылайык төмөнкү мал түрлөрүн сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды:
- 0102 коду — ири мүйүздүү мал,
- 0101 коду — жылкылар,
- 0104 коду — койлор жана эчкилер.
Бирок бул чектөө төмөнкүлөргө тиешелүү эмес:
- Кыргыз Республикасы аркылуу транзит менен ташылган малдарга,
- эл аралык мелдештерге катышуу үчүн алып чыгылган спорт жылкыларына,
- чет өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга же жеке адамдарга белек катары берилген жылкыларга.
Документке ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана УКМКнын Чек ара кызматы малдын мыйзамсыз экспортун алдын алуу боюнча тиешелүү чараларды көрөт.
Белгилей кетсек, бул чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана базардагы бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынды.