Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кыргызстанда IT кызматкерлеринин күнүн белгилөө сунушталууда
20.01.2026 | 15:04

Кыргызстанда жыл сайын 4-апрелде АйТи (IT) чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнүн белгилөө сунушталууда. Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Токтом долбоору маалыматтык технологияларды, санариптик инфратүзүмдү жана электрондук процесстерди өнүктүрүүгө салым кошкон адистердин ишмердүүлүгүн таануу максатында даярдалган. Ошондой эле бул чечим маалыматтык системаларды иштеп чыгууну, киргизүүнү жана эксплуатациялоону жүзөгө ашырган адистердин статусун жогорулатууну көздөйт.
Аталган демилге маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды чыңдоого жана санариптештирүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын камсыз кылууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом