1-сентябрдан тарта өлкөдө күзгү аскерге чакыруу башталды. Бул тууралуу Аскердик башкармалыктын жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын башчысы Сыргак Бодобаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын белгилешинче, 3 миңден ашык жаран Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарын толуктаса, 7 миңден ашык аскер альтернативалык кызмат өтөйт. Аскерге чакырыла турган 3 миңден ашык жаран Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундарды жана бөлүктөрүндө аскердик кызмат өтөшөт.