Кыргызстанда кант диабети менен ооругандардын саны 90 миңге жетти
Кыргызстанда кант диабети менен катталган адамдардын саны 90 миңге жетти. Бул тууралуу №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эндокринологу Бермет Карымшакова «Биринчи радио» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында гана 19 миңге жакын бейтап каттоодо турат, эң көп учурлар Ош облусунда катталган.
«Кант диабети — адамдар дарыгерге дароо кайрылбай жүрө берген оору. Ошондуктан расмий статистика чыныгы кырдаалды толук чагылдырбайт. Чындыгында бейтаптардын саны кыйла көп», — деди Карымшакова.
Дарыгердин айтымында, кант диабетин бүгүн дүйнөлүк деңгээлдеги пандемия деп айтууга болот, анткени ал геометриялык ылдамдык менен жайылып жатат.
Кыргызстанда катталган учурлардын 90%дан ашыгы жашоо образы жана зат алмашуунун бузулушу менен байланышкан экинчи түрдөгү диабетке туура келет. Дарыгерлер жарандарды үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүүгө жана кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп турууга чакырууда.
Кант диабети — бул кандагы глюкозанын (канттын) деңгээлинин жогорулашы (гипергликемия) менен мүнөздөлгөн өнөкөт эндокриндик оору. Бул абал уйку бези инсулин гормонун жетишсиз бөлүп чыгарганда же организм бөлүнгөн инсулинди туура пайдалана албай калганда пайда болот. Оорунун көзгө, бөйрөккө, нерв системасына, жүрөккө жана кан тамырларга олуттуу зыян келтирүү коркунучу бар.