Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскардыБишкек абанын булганышы боюнча 22-орунду ээледиАлдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаран Вьетнамдан Бишкекке алынып келиндиКыргызстанда 250 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда
Кыргызстанда кой жүнү кандай жер семирткич болорун билүү үчүн сыноо өткөрүлөт
20.09.2024 | 09:58
Кыргызстанда кой жүнү кандай жер семирткич болорун билүү үчүн сыноо өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минитсрлиги билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин Кыргызстандагы жеке компаниянын кампасынан Монголияга 13,2 тонна кой жүнү жөнөтүлүп, ал 11,2 тонна гранула болуп иштетилген.
Эми гранула болгон жүндү жер семирткич катары колдонуп, сынап көрүү пландалууда. Сыноодо бир нече көрсөткүч каралат: түшүмдүүлүк, түшүмдүн сапаты, топурактын абалы, өсүмдүктөрдүн өсүп-өрчүшү, топурактагы азык заттардын деңгээли, нымдын сакталышы ж.б.
Сыноонун жыйынтыгы менен илимий негиздеги корутунду чыгарылат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом