Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Мамлекеттик жөнгө салуу 90 күнгө киргизилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз