Сергей Шойгу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысына согуш жылдарындагы элдердин эрдиги тууралуу уникалдуу китептер сериясын тапшырдыЧүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?
Кыргызстанда койдун жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткич сыноодон өттү
15.09.2025 | 14:54

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулар жүндөн алынган жаңы органикалык жер семирткичти изилдеп чыгышты.
Айыл чарба министрлиги маалымдагандай,бул жер семирткичтин курамындагы азоттун көлөмү 15%га чейин жетери аныкталды. Анын өзгөчөлүгү азот акырындык менен бөлүнүп чыгып, өсүмдүктөргө туруктуу азык болору.
Мындан тышкары, жер семирткичтеги күкүрт, аминокислоталар жана кератин топурактын түзүлүшүн жакшыртып, нымды узакка сактап, жумшартууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Окумуштуулардын айтымында, жүн жай чиригендиктен жер семирткичтин таасири да узак мөөнөткө созулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом