«Балага сүйүнчү»: Кыргызстанда төлөмдү алуу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстан менен Монголия жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүнү талкуулаштыКыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирдиЧет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болот
10 млрд сомдук империя: «Аю» холдингинин объектилери мамлекетке өттү
15.09.2025 | 15:17

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Аю» холдингинин ээси Ш. Абдыкеримовго таандык ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, холдингдин ишмердүүлүгүндө көп жылдар бою салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, ошондой эле жасалма финансылык отчетторду мамлекеттик органдарга берүү жолу менен мыйзамсыз кирешелерди адалдоо схемасы колдонулуп келген.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекеттин балансына жалпы баасы 10 миллиард сомдон ашкан соода борборлору, өнөр жай базалары жана коммерциялык жайлар өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом